Туйгуналы Абдраимов «Кечээки айткандарыма өкүнбөйм. Кечирим сурабайм» (Видео)

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 6-июнда, Чүй облусунун губернатору Туйгуналы Абдраимов ага жолугушууга барган журналисттерге чыкпай жатып, акыры жолукту. Бирок суроолорго толук жооп бербей качып кетти.

Губернатор журналисттерге «кечээги айтканыма өкүнбөйм, кечирим сурабайм» деди. Журналистти ал «сары кыз экен, мени канчада бардыңыз окуя болгон жерге деп прокурордук тон менен» суроо бергенде өзүнө жараша «өнүң жакпай жатат» деп жооп бердим деп айтты.

Журналисттер губернатордон кабарчы кызды шылдыңдап күлгөнү тууралуу сураганда «Мен нерв болгондо күлөм» деп жооп берди.

Губернатор Туйгуналы Абдраимов жаңжал болгон Орок айылына кеч барган. Журналист губернатордон ошол тууралуу сураган.

Ошондой эле губернатор Абдраимов айрым журналисттер акчага сатылган, чагым жасап жатат деп айыптады.

Кечээ, 5-июнда, Чүйдүн губернатору Туйгуналы Абдраимов журналистти «кебетеңиз өтө жагымсыз экен» деп Ороктогу жаңжал тууралуу сураганда айтып берүүдөн баш тартып, келекелеп күлгөн.

Азыр губернатор кабинетинде журналисттерден качып кетип, жалгыз отурат деп маалымдалды.

Коомчулук губернатордун отставкасын талап кылып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты