Алманбет Шыкмаматов: «Бул прессинг экс-президент Атамбаевге алып барат» деп жасап жатышат

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 4-июнда, экс-баш прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасы Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда каралганы жатат.

Мурдагы баш прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасы каралар алдында «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алманбет Шыкмаматов «Бул прессингдин баары экс-президент Алмазбек Атамбаевге алып барат деп жасалып жатат» деп билдирди.

Аида Салянованы УКМКнын абагына эмес, ИВСке камап, андан ары өзү Баш прокурор кезинде камакка буюрган кылмышкерлер арасына алып барганы жатканын белгиледи.

«Ата Мекенчи» Асия Сасыкбаева бир кишинин айтуусу менен Аида Салянованы камакка алып жатканын айтты. Ал эч жакка качып кетпейт болчу. Жаш баласы да бар. Резонанстуу иштерди алып барган, душмандары да көп деди ал.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча мурдагы баш прокурор Салянова кечээ, 3-июнда кармалган.

Батукаев 2013-жылдын апрелинде рак дартына чалдыкты деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, Орусияга чыгып кетишине байланыштуу кылмыш иш кайра иликтене баштады.

Батукаевдин бошотулушу боюнча онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды. Мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиев сурак берүүдө. Анын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Бул иш боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов да жакында кармалган.

Нарындын экс-соту Ж.А. нын жоопкерчилиги карала баштаган. Мурдагы прокурор Майрамбек Акматалиев кармалып, үй камагына чыгарылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты