​Болот Шамшиев “Акыйкат” медалы менен сыйланды

  • 5 лет мурун

СССРдин эл артисти, Кыргыз эл артисти, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев “Акыйкат” медалы менен сыйланды.

Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Акыйкатчы аппаратынын эмгек жамаатынын алдында Болот Шамшиевге «Акыйкат” медалы тапшырылды.

Акыйкатчы Токон Мамытов Болот Шамшиевдин чыгармаларында адам укуктарынын маселелери таасын чагылдырылганын баса белгиледи.

Шамшиев “Эсимде” деген жаңы жазылган романы тууралуу да кеп козгоду. Анын башкы каарманынын кейипкери жазык мыйзамдарына негиз салуучу, белгилүү юрист-окумуштуу Карпек Курманов экенин ортого салды.

Ошондой эле андан башка да тарыхый инсандар камтылганын белгиледи. Бул чыгармасы теле же киносериал үчүн ылайыкталып жазылганын белгилеп, уландысы болооруна токтолду.

Эске салсак, Болот Шамшиев буга чейин кыргыздын “Караш-Караш”, “Ак кеме”, “Эрте жаздагы турналар” ж.б. кинотасмаларын жараткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты