​Атайын техникалык каражаттарды мыйзамсыз саткандар кармалды

  • 5 лет мурун

Маалыматты жашыруун алууга багытталган атайын техникалык каражаттарды мыйзамсыз саткан кишилер кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Аудио-видео жазуу үчүн атайын техникалык каражаттарды сатуу жарнамасы Интернет сайттардын биринде жайгаштырылган.

Соттук санкция аркылуу жарнама берген адамдын жашаган жерин тинтүү учурунда атайын техникалык каражаттар табылып алынды.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 252-беренеси, атайын техникалык каражаттарды мыйзамсыз жасап чыгаруу жана жүгүртүү боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.

Улуттук коопсуздук комитети 25-майда маалыматты жашыруун ала турган, тыюу салынган каражаттарды К.Д.нын үйүн тинткен учурда тапкандыгын кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты