​Балдар фестивалы өтөт

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 1-июнда, Президенттнин колдоосу менен К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасында «Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду жана ЮНИСЕФ уюму менен бирге «Кыргызстандын өнүгүүсүнө балдардын кошкон салымы» балдар фестивалы өтөт.

Иш-чарага Президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев, экс-президент Роза Отунбаева жана ЮНИСЕФтин өкүлү Юкиэ Мокуо катышат.

Кыргызстандын балдарынын дарамети чоң, алар ар дайым ар кандай спорттук мелдештер, турнирлер, эл аралык деңгээлде мектеп сабактары боюнча олимпиадаларда жеңишке жетүүдө. Жаш кыргызстандыктар өлкөнүн намысын татыктуу коргоп жатышат.

Жаш таланттар: жаныбарлар дүйнөсүнүн таануучусу Албан-Али Алим уулу, кичинекей бийчилер Нурпери жана Айпери Тургуналиевалар, жаш каратэчи Нурмухаммад Ташмаматов Россиянын Биринчи каналынын миллиондогон көрүүчүлөрүнүн жана кыргызстандыктардын сүймөнчүгүнө айланышты.

Балдардын эл күнүнө карата чемпион-балдар жана «жылдыз» балдар мастер-класс өткөрүшөт жана өнөрлөрүн көрсөтүп беришет.

Жетим жана аз камсыздалган үй-бүлөдөгү балдар шахмат боюнча Азия чемпиону Айжан Съездбековадан шахмат оюнун үйрөнүп, кызыктуу химиялык тажрыйбаларды жүргүзүп, вальс бийлегенди үйрөнүп, жаш таэквондочулардан коргонуунун биринчи сабагын алып, эбру — сууда сүрөт тартуу маданияты менен тааныша алышат жана башка көптөгөн нерселер менен алектенишет.

«Кыргызстандын өнүгүүсүнө балдардын кошкон салымы» балдар фестивалы К.Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасында саат 11:00дө башталат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты