​Кыргыз-өзбек чек арасында аскерлерге баш ийбеген өзбек жараны жарат алды

  • 5 лет мурун

Кыргыз-өзбек чек арасында, Ош облусунун Араван районуна караштуу Тогуз-Булак айылында бүгүн 31-майд,а курал колдонулган окуя болду.

Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кыргызстандык аскерлер чек арага жакын жерден Өзбекстандын эки автомашинасын байкашкан. Аларды токтотуу аракетинен майнап чыкпай, асманга ок чыгарышкан.

Ага да болбой айдай беришкендиктен кыргыз аскерлери машинанын дөңгөлөгүнө атууга мажбур болушкан.

Натыйжада бир өзбек жараны жараат алып, ал Өзбекстандын Мархамат райондук ооруканасына жеткирилди.

Окуяга байланыштуу эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын жетекчилери телефон аркылуу сүйлөшүп, жеринен иликтөөгө өкүлдөрдү жөнөтмөй болушту.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты