​Азимжан Аскаров Базар-Коргон ИИБ башчысына кайрылды

  • 5 лет мурун

2010-жылдагы кандуу окуяларга байланыштуу өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров Жалал-Абаддын Базар-Коргон райондук милициясынын башчысы Азизбек Өскөнбаевге кайрылды.

Кайрылуусунда ал милиционер Сулаймановдун өлүмүнө тиешеси жок экенин айтты.

Ошондой эле ага каршы көрсөтмө берген 17 кишиге эми Куран карматып кайталап айттырууну Өскөнбаевден суранды.

«Эгер ошол алдамчылар көрсөтмөсүн Куран кармап кайталаса, анда мен актанып мындан ары эч нерсе жазбайм. Баарын Кудайга коем» деди Аскаров.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондо 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген айып менен соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Анын иши 2017-жылы БУУнун сунушу менен кайра каралып, Чүй облустук соту «Аскаров улут аралык жаңжалды козутууга катышкан, Бишкек-Ош каттамынын 550-чакырымында мыйзамсыз жол тосууга аралашкан, ал жерде топтолгон эл куралсыз милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, он чактысы жеңил жаракат алган, ал эми Мыктыбек Сулайманов оор жараат алып, жаалданган адамдар кылмышын жашыруу максатында анын сөөгүн өрттөп жиберген» деп тапкан.

Аскаровдун аялы Хадича Аскарова, адвокат Валерьян Вахитов жана «Бир дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, аны эркиндикке же үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн.

Сурөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты