Баш прокуратура Атамбаевден тыңшоочу аппарат коюлгандыгы тууралуу арыз түшкөндүгүн билдирди
- 5 лет мурун
Баш прокуратура 27-майда экс-президент Алмазбек Атамбаевден анын жана Фарид Ниязовдун кабинетине тыңшоочу аппарат коюлгандыгы тууралуу арыз түшкөндүгүн билдирди.
Ал эми 24-майда ЖМКда жарыяланган материалдар боюнча Аскер прокуратурасы 186-берене, жеке турмушка кийлигишүү боюнча иш козгоп, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталгандыгын Баш прокуратура билдирди.
КСДП экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жана Фарид Ниязовдун кабинетине өзүн Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкеримин деген киши тыңшоочу аппарат коюуга аракет кылганын айтып чыгышкан.
Муну бөлүшүү