​ЖЭБ боюнча сотто Сапар Исаков финансы министрлигинин өкүлү калп айтканын билдирди

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 29-майда, Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча соттук отурум улантылды.

Сот процессинде Финансы министрлигинин өкүлдөрү Нурбек Мамасадыков жана Азамат Исаков жабырлануучу катары сурак беришти.

Улуттук энергохолдингдин экс-башчысы Айбек Калиевдин адвокаты Бакытбек Жумашев жабырлануучуларды суракка алуу учурунда көптөгөн суроого жооп ала албаганын билдирди.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков финансы министрлигинин өкүлү министрлик ТИМ аркылуу Кытайдын «Эксимбанкы» менен кат алышкан деп айтканы калп экендигин белгиледи.

Тергөө ЖЭБ модернизациясы боюнча Кытайдан алынган 386 миллион доллар каражатты пайдаланууда коррупцияга жол берилген деп эсептейт.

Сот 28-февралдан бери болуп жатат.

ЖЭБге байланыштуу кылмыш ишинде экс-премьерлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, “Энергохолдинг” компаниясынын башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялар” ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов, “Энергохолдинг” башчысынын орун басары Жолдошбек Назаров, Темирлан Бримкулов, финансы министри Ольга Лаврова айыпталып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты