​Абылгазиев Райым Матраимовдун мүлкүн текшерүүнү тездетүүнү тапшырды

  • 5 лет мурун

Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Бакир Таировду кабыл алды. Премьер-министр Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун мүлкүн текшерүүнү тездетүүнү тапшырды.

Аталган кызмат төрагасы Бакир Таиров экономикалык кылмыштарды ачуу жана коррупциялык көрүнүш менен күрөшүү боюнча чаралар тууралуу маалымдады.

Экономика жана финансы тармактарында кызматтык кылмыштын алдын- алуу, жоюу жана бетин ачуу чаралары тууралуу маалымат берилди.

Абылгазиев баса белгилегендей, коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу жана тамырын кыркуу боюнча коюлган милдеттерге жетишүү үчүн бардык чаралар көрүлүүгө тийиш.

Мындан тышкары Абылгазиев бажы органдарында коррупцияга каршы аракеттер, контрабанда жана көмүскө импорт менен күрөштү күчөтүү чараларына өзгөчө көңүл бурду.

Ошондой эле Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү маселесин козгоду жана текшерүү процессин тездетип, коомчулукка объективдүү жана толук маалымат берүүнү тапшырды.

Коомчулукта Райым Матраимовдун мүлкүн текшерүү боюнча сын пикир көп айтылууда. Президент Сооронбай Жээнбеков Матраимовду калкалап жатат деп КСДП билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты