Маалыматты жашыруун алуучу техника табылды
- 5 лет мурун
К.Д. нын үйүн тинтүү учурунда маалыматтарды жашыруун ала турган, тыюу салынган техника каражаттары табылды.
Бул тууралуу УКМ басма сөз кызматы билдирди.
Улуттук коопсуздук комитети 25-майда маалыматты жашыруун ала турган, тыюу салынган каражаттарды К.Д.нын үйүн тинткен учурда тапты.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин 252-беренеси, атайын техникалык каражаттарды мыйзамсыз алуу боюнча айып тагылды.
Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат.
Кылмыштын негизинде тиешелүү экспертиза дайындалды.
Сүрөт: УКМК маалымат кызматы.
Муну бөлүшүү