​Түркияда акысыз дарыланууга 100 кишилик квотага кошумча 50 орун кошулду

  • 5 лет мурун

Кыргызстан жарандарына жыл сайын Түркияда акысыз дарылануу мүмкүнчүлүгү берилген 100 кишилик квотага кошумча 50 орун берилди.

Бул тууралуу Кырнызстандын Түркиядагы элчилиги кабарлады.

Муну менен катар чет өлкөлүк бейтаптарга жардам көрсөтүү максатында байланыш бөлүмү ачылды.

Өлкөбүздө дарыланып жаткан чет өлкөлүк бейтаптардын саламаттык сактоо кызматтары менен оңой байланыш түзүү максатында “Эл аралык бейтаптарды колдоо, котормо жана байланыш бөлүмү” иштейт.

0 850 288 38 38 номери аркылуу байланыш бөлүмүнө орус, англис, немис арап, фарс жана француз тилдеринде көмөк алууга болот.

Буга кошумча байланыш бөлүмү, чет өлкөдөн келген телефон байланыштарына жооп берип, муктаждыгына жараша кызмат көрсөтүп, сунуш жана даттанууларды жазып алат.

Байланыш бөлүмү түрк врачтары менен чет өлкөлүк бейтаптар арасында котормочулук кызматын да аткарат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты