Сургуттан Хожентке учкан учак авариялык түрдө артка кайтып конду

  • 5 лет мурун

Аэропорттун жетекчилиги «ЮТэйр» компаниясынын «Боинг 737» учагы ийгиликтүү конгонун, борттогу 136 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү аман-эсен экенин билдирди.

Коопсуз конууга майды түгөтүү үчүн учак асманды үч саат айланып жүргөн.

Жүргүнчүлөрдү Хожент шаарына жеткирүү үчүн башка учак дайындалды.

«ЮТэйр» авиакомпаниясынын учагы 25-майда Москва убактысы боюнча 16:45те Сургуттан Тажикстандын Хожент шаарына учуп чыккан.

Бирок бир нече мүнөттөн кийин кайра конууга уруксат сураган жана коопсуз конуу үчүн майды түгөтүү максатында асманда үч саат бою айланып жүргөн. Жүргүнчүлөрдүн көбү тажик мигранттары болгон.

«ЮТэйр» авиакомпаниясынын өкүлү учакты башкаруу системасында маселе жаралганын кабарлады.

Маалыматтарга караганда, «Боинг 737» учагындагы мындай кырдаал 2018-жылы Индонезия жана 2019-жылы Аддис-Абебадагы авиакырсык учурунда кайталанган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты