​Казакстанда кудукка түшүп кеткен төрт коммуналдык кызматкер каза тапты

  • 5 лет мурун

23-майда Нур-Султанда «Астана су арнасы» коммуналдык ишканасынын төрт кызматкери иш учурунда каза болду.

Бул тууралуу Казакстан Ички иштер министрлигинин Өзгөчө кырдаалдар комитети билдирди.

Комитеттин айтымында, алты кызматкер канализациялык насос станциясын бузуп жатканда бирөө кудукка түшүп кеткен.

Калгандары аны куткарууга аракет жасап, төмөн түшкөндө эс-учтарын жоготушкан. Анын кесепетинен төрт киши каза тапты, бирөө ооруканага жеткирилди. Анын абалы туруктуу.

Өзгчө кырдаалдар комитет башчысы Владимир Беккердин айтымында, жумушчулар кырсык маалында респираторсуз иштеп жатышкан.

Окуя иликтенүүдө. Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги атайын комиссия түздү.

Куткаруучулар алардын сөөгүн үч метрге чейин жерине суюктук толгон 10 метрлик резервуардан алып чыгышкан.

Иллюстрациялык сүрөт:Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты