​Казакстанга картошка, алма, курма ташууга тыюу алынып салынды

  • 5 лет мурун

22-майдан тартып Кыргызстандан Казакстанга картошка, алма, курма ташууга тыюу алынып салынды.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

Бул чечим 28-февралда Нур-Султан шаарында вице- премьер-министр Жеңиш Разаков жана Казакстан Премьер-министринин орун басары Женис Махмудулы Касымбектин жолугушуусунун жыйынтыгында жана карантиндик-фитосанитариялык көзөмөл маселелери боюнча Жол картасынын жыйынтыгында кабыл алынды.

Убактылуу карантиндик фитосанитардык чаралар 19-февралда казак тарап аркылуу киргизилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты