Президент Сергей Лавровду кабыл алды
- 5 лет мурун
Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-майда, ШКУнун жана ЖККУнун тышкы иштер министрлер жыйынына келген Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды.
Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчы ЕАЭБ алкагындагы кызматташтыкка токтолуп, ата-мекендик ветеринардык көзөмөл системасын ЕАЭБ системаларына шайкеш келтирүүгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн Россия тарапка ыраазычылык билдирди.
Сүрөт: Прездиенттин басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү