Акылбек Жамангуловду куугунтуктап жатышканын депутаттар билдиришти

  • 5 лет мурун

«Мегаком” компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангуловду күч органдары куугунтуктап жатканын Жогорку Кеңеш депутаттары билдиришти.

Депутат Мирлан Бакиров Акылбек Жамангуловду күч органдары коркутуп жана негизсиз текшерип жатканын билдирди. Ошондой эле депутатттар Бакыт Төрөбаев, Кенжебек Бокоев, Зиядин Жамалдинов, Жанар Акаев, Карамат Орозова ж.б. Жамангуловду күч органдары кысымга алып, куугунтуктап жатканы тууралуу бүгүн, 22-майда, парламент жыйынында айтып чыгышты.

—Акылбек Жамангулов коррупциялык схеманы ачып берди. Андай адамдарды куугунтуктаганга болбойт. Финполицияга жана ИИМге жасалма маалымат чогултпасын деп айтып коюш керек. Адегенде депутаттык комиссия өз иши аяктасын, андан кийин жыйынтык чыгаруу керек,- деди Жанар Акаев.

17-майда, “КТ Мобайл” компаниясы боюнча парламенттик комиссия жыйынында “Альфателекомдун” жетекчиси Акылбек Жамангулов Иманкадыр Рысалиев аны коркутуп, балдарына чейин асылганын билдирди.

Ал эми Иманкадыр Рысалиев премьер-министрдин бажасы болору жана «КТ Мобайл» компаниясынын тегерегиндеги маселе коомчулукта, ЖКда сын-пикирге дуушар болгон жана ал маселе парламенттик комиссияда каралып жатат,

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты