Каныбек Иманалиевдин англис тилиндеги “Каганат” китебинин бет ачары Британияда болду

  • 5 лет мурун

Каныбек Иманалиевдин англис тилинде чыккан “Каганат” китебинин бет ачары Улуу Британияда, Кембридж университетинде болду.

Ага автор Каныбек Иманалиев, Садык Шер-Нияз, Кембридж университетинде окуган студенттер, аспиранттар жана окумуштуулар катышты.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымат билдирди.

Евразиялык чыгармачыл гильдиянын төрагасы Марат Ахмеджанов китеп жөнүндө кыскача оюн айтты.

Депутаттар Иманалиев менен Садык Шер-Нияз китеп тууралуу өздөрүнүн ойлорун билдиришти.

Садык Шер англис тилинде баяндама жасады

Иш-чара андан ары Кыргызстан парламенти тууралуу дискуссия менен уланды.

Депутаттар Иманалиев, Садык Шер-Нияз, ошондой эле Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Гүлнара Искакова жана Кембридж университетинин Орто Азия форумунун мүдүрү доктор Сидхарт Саксена дискуссиянын негизги катышуучулары болушту .

Ошону менен бирге Каныбек Иманалиев тышкы саясат, кыргыз тарыхы жөнүндө баяндама жасады.

Садык Шер-Нияз англис тилинде улуттук маданияттын өлкөнүн ички жана тышкы саясатындагы мааниси жөнүндө өз ойлорун билдирди.

Сүрөттөр: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты