​Рысалиевдин чуусунан кийин: “Ачык Өкмөт” жыйыны өтүп жатат

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 20-майда, “Ачык Өкмөт” улуттук форумунун жыйыны болууда. Жыйын секретариат башчысы Иманкадыр Рысалиевдин чуудан улам секретариат жетекчилиги кызматынан кетишинен кийин өтүп жатат.

Мурда убада бергендей, Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жыйынга катышкан жок. Ал жыйын бүгүн болорун билбегендиктен, кийинки жыйындарга катышууну билдиргенин вице-премьер Алтынай Өмүрбекова айтты.

Буга чейин Премьер-министрдин бажасы Иманкадыр Рысалиев коомчулукта сындалып жатканынан улам, ал “Ачык Өкмөттөн” кетиши керектигин билдирген.

«КТ Мобайл» компаниясында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин уулу Эрназар Иманкадыр уулу чоң айлык менен иштегенин, компанияга Иманкадыр Рысалиевдин катыштыгы болушу мүмкүндүгү тууралуу «ПолитКлиника» медиасы жазып чыккан.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты