Сооронбай Жээнбеков коррупциялык көрүнүштү айткандан коркпогула деди
- 5 лет мурун
Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл областынын Түп районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда, 16-майда, коррупциялык көрүнүштөр тууралуу айтуудан коркпогула деди.
“Мен сага тийбейм — сен мага тийбе” деген мамиле менен жүрүп жатасыңар. Коркпой, мындай көрүнүштөр менен ачык күрөшкүлө. Андай кылбасак, мамлекетибизге, элибизге келечекте кыйын болот», — деп белгиледи мамлекет башчы.
Муну бөлүшүү