​Эрназар Иманкадыр уулунун айлыгы 157 миң сом болгон. Бонус, сыйакысы башка

  • 5 лет мурун

“КТ Мобайл” компаниясында эң көп айлыкты баш директордун орун басары Эрназар Иманкадыр уулу алчу, анын айлыгы 157 мин сом болгон.

Бул тууралуу бүгүн, 17-майда, депутаттык комиссия жыйынында “Кыргызтелеком” ачык акционердмк коомунун жетекчиси Эмил Акматов билдирди.

Анын айтымында Эрназар Иманкадыр уулунун айлыгы 157 миң сом болгон. Бул айлыгы гана. Мындан башка бонус жана сый акылары азырынча эсептелип жатат.

Иманкадыр уулу мындай айлыкты төрт ай — январдан апрель айына чейин алган.

Акматовдун айтымында,, “КТ Мобайл” баш директору Нурбек Мукамбетов айлык алчу эмес. Мукамбетов ушул ишти баштаган, ал “Мегакомдун” биринчи директору болгон.

Айта кетсек, «КТ Мобайл» компаниясы иштебей жатып эле чуу менен аты чыккан.

Ал эми Премьер-министр бажасынын уулу «КТ Мобайлда» иштээрин билбегенин жана ал жумуштан кетиши керектигин билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты