​Акылбек Жамангулов: “Рысалиев мени коркутуп, балдарыма чейин асылды”

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 17-майда, “КТ Мобайл” компаниясы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттык комиссия жыйынында “Альфателекомдун” жетекчиси Акылбек Жамангулов Иманкадыр Рысалиев аны коркутуп, балдарына чейин асылганын билдирди.

«Иманкадыр Рысалиев бир нече жолу менин дарегиме коркуткан сөздөрдү айтты, кат жазып, түбүңө жетем, укук коргоо органдарына каздырам, ал тургай балдарыңды жакшылап кара» дегенге чейин барган»,-деди ал.

Эске сала кетсек, Иманкадыр Рысалиевдин Өкмөткө да, “КТ Мобайлга” да расмий тиешеси жок.

Бирок комиссиянын ишинин жүрүшүндө ал өкмөт мүчөлөрүн бир нече жолу чогултуп, жыйын өткөрүп, тапшырма бергендери ачыкка чыкты.

Буга чейин Иманкадыр Рысалиев Премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиевдин бажасы болорун биздин «Саясий санжыра» рубрикабызда айтып берген болчу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты