​Саясий санжыра: Иманкадыр Рысалиев: «Мен «серый кардинал» эмесмин, мен «белый, пушистыймын»

Кыргызстандын маалымат каражаттары акыркы учурда Иманкадыр Рысалиев аттуу жаран «серый кардиналга» айланганын, ал КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин бир тууган бажасы болорун жазып жатат.

Биз Иманкадыр Рысалиевдин өзү менен байланышып бул маалыматтарды тактаганга аракет кылдык. Анын айтымында, учурда «Ачык өкмөт» долбоорунда иштейт:

Мен “Ачык өкмөт” долбоорунда иштеп, өкмөттүн ачыктыгын талап кылып жүрөм. Биринчиден, мен “серый” эмесмин, мен “белый, пушистыймын”.

Төрт жолу министр болдум. Эч бир коррупциялык жаңжалга тиешем жок. Аябай чоң деле байлыгым жок, жөнөкөй эле кишимин. Бир нече тилди билем. Эмне үчүн антип айтып жүрүшөт, билбейм.

Эгерде, Премьер-министр менин тууганым болсо, мисалы, сиздин тууганыңыз барбы, тууганыңыз болгону үчүн сиз күнөөлүсүзбү? Албетте, күнөөлүү эмессиз. Мухаммедкалый Абылгазиев мага 30 жыл мурун бажа болгон, ал убакта ал кишинин премьер-министр болорун билген эмесмин да. Же эми “сен премьер-министр болдуң, мага бажа болбо” дейинби?

Же бажам болгон үчүн башка жакка көчүп кетишим керекпи? Эл оозунда элек жок да. Мен жоопкерчиликтүү эле кишимин, эч бир коррупцияга аралашкан эмесмин.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Иманкадыр Рысалиевге Өкмөттүн дагы бир мүчөсү Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Бакыт Шаршембиев дагы бажа экени тууралуу маалыматтар бар. Бирок, Иманкадыр Рысалиев бул суроого түз жоп бергиси келген жок:

— Бакыт Шаршембиев дагы бажаңыз экени чынбы?- Менин бажам — Мухаммедкалый Абылгазиев.

Муну менен катар эле Иманкадыр Рысалиевдин жубайы, «Эргене» коомдук фондунун жетекчиси Таалайгүл Сабырбекова чет элдик сапарларга мамлекеттин эсебинен чыгып жүрөт деген маалымат түшкөн.

Акыркы сапарларынын бири Грузияга болгонун биздин вотсап номерибизге жазып жиберишкен эле. Бул маалыматты тактоо үчүн Таалайгүл айымга кайрылганыбызда ал Грузияга барып келгенин тастыктап, бирок ал сапар УКП ООН тарабынан каржыланганын айтты.

Биздин редакцияга «Эргене» коомдук фондун чет элдик сапарларга көбүнчө КР саламаттыкты сактоо министрлиги жиберет деген маалымат түшкөн. Саламаттыкты сактоо министрлигинин дары-дармек жана меджабдуулар департаментинин баңги заттарды мыйзамдуу жүгүртүүнү көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси болуп Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бир тууганы Азиз Дүйшекеевич Абылгазиев иштейт. Ал киши өзү дагы Өкмөт башчынын бир тууганы болорун тастыктады.

«ПолитКлиника» медиасы «Саясий санжыра» рубрикасын улантууда. Бул саясатта, мамлекеттик башкарууда жүргөндөрдүн туугандык байланышын аныктоо максатында гана ачылган рубрика. Сиз дагы Кыргызстандын саясатында төбөсү көрүнгөн инсандардын туугандык, кудалык, өкүл атаөкүл бала мамилесин билсеңиз WhatsApp’ка+996773778957 кабарлап койсоңуз, биз аны тактап туруп жазып чыгабыз.


Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты