​«Salam» бренди менен жаңы уюлдук байланыш оператору ачылат

  • 5 лет мурун

«Альфа Телеком» Кыргызстандын рыногунда «Salam» бренди менен төртүнчү уюлдук байланыш операторун бир айдын ичинде ишке киргизүү милдетин өзүнө алды.

Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, бул сыяктуу өнөктөштүк өлкөнүн ири салык төлөөчүлөрүнүн бири болгон «Альфа Телеком» компаниясынын кирешесине оң таасир берет.

Кеңешмеде биргелешкен ишмердүүлүктөн түшкөн киреше «Альфа Телеком» пайдасына – 67%, ал эми «КТ Мобайл» үчүн – 33% принциби боюнча бөлүштүрүлөрү айтылды.

«Альфа Телеком» — «КТ Мобайл» компнаиясы менен жыштыкты биргелешип пайдалануу жөнүндө уюлдук операторлор арасындагы аукциондун жеңүүчүсү болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты