Кытайда жаза өтөп жаткан эки кыргызстандык Мекенине алынып келди
- 5 лет мурун
Үрүмчү шаарында жазасын өтөп жаткан эки кыргызстандык жаран 14-майда Кыргызстанга өткөрүлүп берилди.
Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 15-майда, билдирди.
Эми аталган жарандар жазасын өз жеринде өтөшөт.
Чет өлкөдө эркинен ажыратылгандардын укугун коргоо иши КР ТИМ, Баш прокуратура жана Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин кытай тарап менен сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашырылды.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү