​УКМК: “Шаикованын айткандары УКМКны каралоо жана жоопкерчиликтен качуу болуп саналат”

Улуттук Коопсуздук комитети Каттоо кызматынын мурдагы башчысы Алина Шаикованын айткандарын комментарийледи

“Улуттук Коопсуздук комитетинин жетекчиси Идрис Кадыркуловдун Алина Шаикованы жана Дастан Догоевди компания өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурууда жеке кызыкчылыгы болгон эмес. Бул УКМКны коомчулук алдында каралоо жана жоопкерчиликтен качуу болуп саналат” деп билдирди УКМК.

Ал эми жеке кызыкчылыкты паспорт бланкы боюнча айып тагылып жаткандар көздөгөнүн, ошондон бланк даярдоо баасы жогорулап кеткенин билдирди:

“Каттоо кызматынын жетекчилери материалдык кызыкчылыкты көздөп, биометрикалык паспорт бланктарын даярдоонун баасы 253 млн сомго көтөрүлүп кеткен” деди УКМК.

УКМК ырасында эле андай жолугушуу болгонун тастыктады. Ал жолугушууда Шаикова менен Догоев басмакана уюштуруу чыгымдуу, анын үстүнө Каттоо кызматы бланктарды жеке компаниялардан аларын айтып, баш тартканын билдирди.

УКМК андан ары Идрис Кадыркуловдун ал компания менен кандайча тааныш болуп калганына токтолду.

2014-жылы ведомстволор аралык жумушчу тобу түзүлүп, мамлекеттик басмакана куруу маселеси Өкмөттө каралганын, ал комиссияга УКМК өкүлү Искендер Кадыркулов мүчө болгон.

Алардын айтымында, мамлекеттик басмакана куруу боюнча Россия Өкмөтүнөн жана Щвейцариянын “КБА НотаСис С.А.” компаниясынан сунуш түшкөн. Акыркы компания паспорт, бланк, акциз маркалары ж.б. чыгаруу боюнча дүйнөлүк лидерлерден болуп саналган.

Сүйлөшүүлөр Өкмөттө создугуп кеткендине байланыштуу 2018-жылдын 6-декабрында “КБА НотаСис С.А.” компаниясынын аймактык директору М. Полуянов жана компания өкүлү Т. Магамбетов Идрис Кадыркуловго жумушчу комиссиянын мурдагы мүчөсү катары кайрылып, басмакана ачуу боюнча Каттоо кызматынын жетекчилиги менен жолугушуу уюштуруп берүүнү суранганын түшүндүрдү.

Буга чейин Каттоо кызматынан паспорт тендери боюнча жумуштан алынган Алина Шаикова алардын айыпталышына УКМК жетекчиси Идрис Кадыркуловдун «таарынычы» себеп болушу мүмкүн деген сөздөргө жооп берген.

Анда тендерге байланыштуу Каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Руслан Сарыбаев, статс-секретарь Данияр Бакчиев, “Инфоком” директору Талант Абдуллаев кармалган.Руслан Сарыбаев менен Талант Абдуллаев үй камагына чыгарылган.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси, коррупция боюнча кылмыш иши козголгон.

УКМК бир катар жооптуу мамлекеттик кызматкерлерди «тендерди литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясынын утушуна кызыкчылыгы болгон деп айыптаган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты