Түркия өз элчиси ооз ачарда окуяга жараша мамиле кылганын билдирди

  • 5 лет мурун

Түркия Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хами Аксойдун билдирүүсү аркылуу КР Мусулмандар Дин башкармалыгы 2-майда уюштурган ооз ачарда элчи Женгиз Камил Фырат окуяга жараша жана туура мамиле кылган деп билдирди.

Түркияда ФЕТО деп аталган Фетхуллах Гүленчилер менен бирге чакырылышы кечирилгис окуя экени айтылды:

“Бул абалды байкаган Түркиянын Кыргызстандагы элчиси ага жараша мамиле кылган жана бул акыйкат болгон” деп айтылды билдирүүдө.

Кыргызстандагы түрк элчиси Женгиз Камил Фырат Мусулмандар Дин башкармалыгы уюштурган ооз ачарда “Сапат” билим берүү мекемелеринин мурдагы директору Орхан Инан менен бирге ооз ачарга чакырылганда, элчи тамакты таштап чыгып кеткен.

Сүрөттө: элчи Женгиз Камил Фырат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты