Жарандык коом активисттери УКМК мыйзам бузуп жатат деди

  • 5 лет мурун

Жарандык коомдун активисттери Улуттук Коопсуздук мамлекеттик комитети мыйзамды одоно бузуп жатат деп Президентке, Жогорку Кеңеш депутаттарына кат жолдоду.

Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова фейсбук баракчасында билдирди.

Президенткеа жолдонгон катка Гүлнара Журабаева, Рита Карасартова, Динара Ошурахунова, Бурул Макенбаева, Айнура Усупбекова кол койгон.

Алар Улуттук Коопсуздук мамлекеттик комитети паспорт тендери боюнча Президенттин кеңешчиси Дастан Догоевди кармап кетип, анысын бир нече саат бою жашырганын жана чынчыл кызматкерге паспорт тендери боюнча ишти жармаштырганы жатканын белгиледи.

«УКМК паспорт тендери боюнча ишти компететнттүү, кесипкөй жана чынчыл кызматкерге оодара салганы жатышат» деди алар.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты