​Ооз ачарда чыккан чыр (Видео)

  • 5 лет мурун

12-майда социалдык баракчаларда КР Мусулмандар дин башкармалыгы уюштурган ооз ачардан чыккан чыр тууралуу видео тараган.

Анда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат Мусулмандар Дин башкармалыгы уюштурган ооз ачарда Муфтияттагыларга нааразы болуп, тамак ичпей чыгып кеткендиги маалым болду.

Ага себеп болуп “Сапат” билим берүү мекемелеринин мурдагы директору Орхан Инан менен элчи Женгиз Камил Фыратты ооз ачарга бирге чакырып койгондору себеп болгон.

Муфтий Максатбек Токтомушев жана башкалардын мындай жоругуна элчи нааразы болуп, “же Түркияны, же террористти тандагыла” деген.

Түрк элчиси 35 млн долларга мечит салып беришкенин да доомат катары билдирген.

Муфтият ошондой окуя болгонун, бирок маселе жөнгө салынганын билдирди.

Түрк элчиси Камил Фыраттын сүрөтү: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты