Жалал-Абад облусунда жер силкинди
- 5 лет мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 11-майда саат 05:00дө Жалал-Абад облусунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жалал-Абад шаарында, Сузак районунун Жийде, Бак-Абад, Жар-Кыштак айылдарында 4 балл, Дардак айылында 3,5 балл, Кара-Суу, Таш-Булак аылдарында 3 балл, Ош облусунун Өзгөн шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Жалал-Абадда 9-майда 4 баллга жетип, жер титиреген.
26-мартта 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
25-февралда 2,5 баллга жетип, жер силкинген.
Муну бөлүшүү