​Жалал-Абадда жер силкинди

  • 5 лет мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 26-мартта, таңкы саат 08:04тө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сузак районунун Саты, Таран-Базар айылдарында 3 балл, Кара-Чолок, Калмак-Кырчын айылдарында 2,5 балл жана Сары-Булак айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар, кыйроолор катталган жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты