​Мамлекеттик мекеме документтери санарипке өтүүдө

  • 5 лет мурун

Мамлекеттик “Инфоком” ишканасы Электрондук документ системасына Каттоо кызматын жана дагы тогуз ишкананы киргизди.

Мурда 43 мамлекеттик орган жана Бишкек мэриясы киргизилген «e-Kyzmat» менен Электрондук документ системасынын бириктирилиши колдонуучулар үчүн ыңгайлуу шарт түзөрү айтылууда.

Мамлееттик органдардын буйрук, кирген-чыккан иш-кагаздарынын баарынын электрондук базасы түзүлөт.

Ар бир документке автоматтык түрдө номер берилет. Мында электрондук отчет жана архив түзүлүп калат.

Системага кирүү жана ал жактагы документке кол коюу электрондук кол тамга аркылуу жүргүзүлөт.

Техникалык жактан көзөмөлдү “Инфоком” мамлекеттик ишканасы ишке ашырат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты