Эркинен ажыратылгандар орозо кармады
- 5 лет мурун
Атайын жайларда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 3000 соттолуучу орозо кармады.
Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Атайын жайлардагы орозо кармагандардын көбү Бишкек шаарындагы СИЗО-1 де – 550, Москва районундагы Петровка айылындагы №8 жайда 400 соттолуучу оозун бекитти.
Кыргызстандын абак жайларында 8 миң жаран жазасын өтөп жатат.
Ошондой эле Жаза аткаруу кызматынын 500 кызматкери да орозо кармаганы маалымдалды.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү