​Экспорттоочулар жеңилдетилген насыя алышат

  • 5 лет мурун

Аймактардагы товар экспорттоочуларга жеңилдетилген насыя берилет.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 7-майда андай буйрук чыгарганын Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

Май айынан тартып Өкмөт «Иштетүүчү жана кайра иштетүүчү ишканаларды каржылоо» долбоорун ишке киргизет.

Анын башкы максаты өндүрүлгөн продукцияны экспорттогон жана экспортко багытталган жаңы ишкана ачкан ишкерлерге финансылык колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Тамак-аш кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай тармагында иштеген атамекендик ишканалар (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) коммерциялык банктардан 3-5 жылга, жылдык 8-10 пайызы менен насыя ала алышат.

Жаңы долбоордо патенттик негизде иштеген тигүү ишканалары үчүн жеңилдетилген насыя алуу каралган. Мурда негизги каражаттарга 1 млн сомдон ашык эмес жана жүгүртүү каражаттарына 500 миң сомдон ашуун эмес болгон.

Тийиштүү финансылык ресурстар өлкө бюджетинде каралган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты