Жапондор императорду көргөнү Ак сарайга келишти

  • 5 лет мурун

Ишемби күнү, 4-майда, жүз миңдеген япондор жаңы император Нарухитону көрүү үчүн Ак сарай алдына келишти.

Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Жаңы императорду көрүү үчүн узун кезеккке турган, айрымдары түн ичинде эле келген.

Такка жаны олтурган император Нарухито үй-бүлөсү менен биринчи ирет элге көрүнүп, алты жолу балкондон кол булгалап учурашат.

Япониянын 126-императору Нарухито 1960-жылы туулган. Ал 30-апрелде тактыны тапшырган император Акихитонун улуу уулу.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты