Карикатура көргөзмөсү ачылды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 3-майда, сөз эркиндигинин дүйнөлүк күнүнө карата карикатура көргөзмөсү Бишкек гуманитардык университетинде ачылды.

Анда «Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен» аттуу республикалык конкурстун жеңүүчүлөрүнүн сүрөттөрү коюлду.

Көргөзмөнү «Журналисттер» биркмеси «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосунда уюштурду.

Республикалык карикатура конкурсунда биринчи орунду Руслан Валитов, экинчи орунду Михаил Томилов, үчүнчү орунду Перизат Турдубекова жеңип алды.

Көргөзмөгө ошондой эле конкурстун шыктандыруучу сыйлыктарын жеңип алгандардын да эмгектери коюлду.

Сүрөттө: Биринчи орунду ээлеген Руслан Валитовдун эмгеги.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты