Өзбекстан: Гүлнара Каримованын жарандык никедеги күйөөсүнүн фирмасы сатыкка коюлду
- 5 лет мурун
Фирма карыздары жана мал-мүлкү менен кошо сатылат.
Жергиликтүү ЖМК билдиргендей, сатууда демпинг ыкмасы колдонулат. Анын наркы 4,1 миллиард сумга (480 миң доллар) бааланган. Аукцион 8-майда өтөт.
Буга чейин Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримованын жарандык никедеги күйөөсү Рустам Мадумаров Гүлнаранын бизнесиндеги коррупциялык схемаларга аралашканын жана 2014-жылы узак мөөнөткө түрмөгө кесилгенин маалымдаган.
Швеция прокуратурасы Рустам Мадумаровду Өзбекстан рыногуна кирүү үчүн пара алууда Гүлнара Каримова менен ири телекоммуникациялык компаниялар арасында ортомчулук кылууга айыптаган.
Муну бөлүшүү