​Президенттен журналист Ыдырыс Исаковду коргоону сурашты

  • 5 лет мурун

Кыргызстандын журналисттери жана жарандык коом өкүлдөрү президент Сооронбай Жээнбековго ачык кат жазышты.

Анда алар 50 млн. сомдук доо арызга жыгылган «Азаттык» радиосунун кабарчысы Ыдырыс Исаковду коргоп калууну өтүнүшкөн.

Жарандар, журналисттер да мамлекеттик саясатка таянып, Сизге ишенип коррупцияга баткан тармактар, жетекчилер тууралуу ачык ойлорун билдирип, атайын көрсөтүүлөрдү жасап келишет.

«Азаттык» радиосу Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков «Ош: Салыктан буйтаган «ишкерлер» деген журналисттик иликтөө жасап, анда Оштогу ири ишкери деген Жалил Атамбаевге таандык бир канча ишканалар мамлекетке жарытылуу салык төкпөй келгенин мисал келтирген эле.

Журналист фактыларга таянуу менен коррупцияга шектүүнүн атын гана ачык атады, басма сөз стандарттарына ылайык Жалил Атамбаевге да микрофон сунуп, мүмкүнчүлүк берди.

Буга карабай, анын кысымга алынышына Конституциянын кепили катары Сиз жол бербешиңиз керек!» деп жазылат кайрылууда.

29-апрелде милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковду иликтөөсү үчүн Ош шаардык сотуна доо арыз менен кайрылып, Исаковдон 50 млн сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган.

Жалил Атамбаевдин сүрөтү: Интернет булактарынан. .

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты