“Бишкек башкы архитектура” кызматкери пара менен кармалды
- 6 лет мурун
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы 29-апрелде «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы К.М. ны (1973-жылы туулган) 1 миң 500 АКШ долларын алып жатканда кармады.
Бул тууралуу Улуттук Коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Башкы архитектура бөлүм башчысы “Арча-Бешик” жаңы конушунун участок курулушуна уруксат берүү документтеринин жоктугун билип, тургундарды коркутуу менен 10 миң. АКШ долларын талап кылган.
Анын 2000 долларын 2018-жылдын аягында алган.
Бул иш Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Кармалган киши УКМК убактылуу жайына киргизилгени жана тергөө жүрүп жатканы кабарланды.
Сүрөт: Интернет булактарынан.