Мыкты журналисттик эмгектерге «Умтулуу» сыйлыгы тапшырылды

  • 5 лет мурун

27-28-апрелде Бишкектеги “Асанбай” борборунда ЖМК өкүлдөрү үчүн “MediaToptoo” форуму болуп өттү.

Форумду Интерньюс Кыргызстан уюму өткөрдү.

Журналисттер үчүн бул ири форумга эл аралык жана Кыргызстан адистери чакырылып, эки күн бою баалуу маалыматтар баяндалды.

Анда Наира Давлашьян “Интерньюс” (Франция), Виктория Борщенко (Украина), Евгения Шамис (Россия), Анна Качкаева (Россия) ж.б. форумдун катышуучуларына кеңештери, тажрыйбалары менен бөлүштү.

Форумдун соңунда 2018-жылдагы мыкты журналисттик эмгектерге жети номинация боюнча “Умтулуу” — “Стремление” сыйлыгы тапшырылды. Анын ичинде “Тынчтык жана ынтымак” номинациясы боюнча эмгектер жактырылган жок.

Ошондой эле атайын дем берүү сыйлыгы тапшырылды.

1. «Media kitchen» уюму, «Демилге» тасмасы:

2. «НТС» теле каналына балдарды багып алган үй-бүлө тууралуу видеобаяны:

3. «Кыргызтелефильмден» Тынай Ибрагимовдун «Жарык жана көлөкө» тасмасы:

4. Булат Сатаркуловго экология темасындагы видео баяндары:

5. «АпрельТВ» каналы ВИЧ илдети менен жашагандар тууралуу баяны үчүн;.

6.»НТС» телеканалынын кабарчысы Эрнис Байсалбековдун эмгеги үчүн ыйгарылды.

Ал эми дем берүү багытындагы «Умтулуу» сыйлыгына «T-Media group» уюмунун кабарчысы Алмира Абидинова татыктуу болду.

Андан тышкары экинчи, үчүнчү сыйлыктар да ыйгарылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты