14-16-сентябрда ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров 14-16-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарына иш сапары менен барып, анын алкагында Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.       

Маалыматта айтылгандай, ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлери уюмдун форматындагы көп тараптуу жана көп векторлуу кызматташуунун маанилүү маселелерин, ошондой эле регионалдык жана эл аралык саясаттын маселелерин талкуулашат. 

Жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жыйынтыгында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Самарканд декларациясына кол коюлат.

Алдыдагы саммиттин ишине ШКУда байкоочу статусуна ээ болгон Беларусь, Иран Ислам Республикасы жана Монголиянын президенттери да катышат. 

Түркмөнстан, Түркия, Армения жана Азербайжандын президенттери, БУУ, КМШ, ЖККУ, ЕАЭБ жана башка бир катар ири эл аралык уюмдардын жетекчилиги ардактуу конок катары катышат.

ШКУга 8 мамлекет мүчө болуп эсептелет. Алар: Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан. Төрт өлкө байкоочу макамына ээ. Алар: Ооганстан, Беларусь, Иран жана Монголия.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты