Ата-энелердин мектептеги акча чогултууга каршы акциясы

Сокулук районуна караштуу Ново-Павловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы № 1 гимназия окуучуларынын ата-энелери мектептеги акча чогултууларга каршы митингге чыгышты.

Алардын айтымында, мектеп ар бир окуучудан класстык фондго деп ай сайын 400 сомдон 3 миң сомго чейин алат. Ата-энелер төлөөдөн баштартып, 50 сомдон гана төлөйбүз деп чыгышканда, “50 сомдук”жана “500 сомдук класстар”деп директор бөлүп койгон дешет.

Аталган мектепке эки баласын окууга берген Чынара Апиеванын айтымында балдарды бай-кедей деп бөлүп коюшкан:

—Бизди бул кадамга мектеп директору Диляра Абдуллаеванын ай сайын 500 сомдон 3000 сомго чейин ата-энелерден акча чогултуп жатканы түрткү болду.

Мамлекеттик мектептин ичинде жеке класстарды ачып алган. Берип жаткан акчабыздын жыйынтыгын көрө элекпиз. Биз берген акчалардын беш жылдык отчетун берсин.

Сокулук районунун прокуратурасы, райондук ички иштер бөлүмүнө ишенбейбиз, ошондуктан үнүбүздү президентке жеткирели деп чыгып жатабыз.

Билим берүү министрлиги аудит жүргүзбөстөн, өз ара чечишип алгыла деп кетип калды. Акча бербейбиз деп чыксак, окуучуларды бай-кедейге бөлүп койду.

Ата-энелердин мектептеги акча чогултууга каршы акциясы

Дагы бир окуучунун энеси Лира Стамалиева директор мектепке туугандарын алып келип алган дейт:

—Биз буга чейин эки жолу көтөрүлүп чыкканда айына 50 сомго түшүргөн. Бир аз убакыт өткөндөн кийин кайра 500 сомдон төлөйсүңөр деп чыкты.

Директордун сиңдиси мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы, дагы башка туугандарын дагы киргизип алган.

Митингге чыккан ата-энелерге Билим берүү министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев чыгып, бул маселе каралып жатканын билдирди:

—Мектептин директор кызматынан четтетилди. Азыр иштебейт, текшерүү обьективдүү өтсүн деген максатта кызматтан бошоттук. Ал маселени териштиребиз, -деп айтты минитсрликтин статс-катчысы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты