​Дүйнөлүк IV Көчмөндөр оюндарына Кыргызстандын кандай спорту кирди?

  • 5 лет мурун

Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын секретариаты Түркияда өткөрүлө турган IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында болуучу айрым спорт түрлөрүн өткөрүүнүн эрежеси боюнча маалыматтар расмий эмес экенин билдирди.

Бул Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө таасирин тийгизбей турганын кабарлады.

Буга чейинки сүйлөшүүлөрдө тараптар Кыргызстандын 6 спорт оюнун киргизүү жана алардын негизги багыттарын макулдашканын айтты. Алар:

1. Көк-Бөрү
2. Эр эңиш
3. Кыргыз күрөш
4.Ордо (КР тиешелүү федерациясы тарабынан бекитилген эреже боюнча)
5. Алыш (КР федерациясы бекиткен эреже боюнча)
6. Тогуз коргол (КР федерациясы бекиткен эреже боюнча)

Ошондой эле Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын секретариаты этноспорт боюнча Алматыда 19-апрелде өткөн форум

га чакырылбаганын билдирди.

IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркияда өткөрүлмөкчү.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты