​Казакстанда кырсыктаган учакта эки киши каза болду

  • 5 лет мурун

Казакстандын Караганда облусунда жеңил учак кырсыкка кабылып, эки экипаж мүчөсү каза болду.

Бул тууралуу өлкөнүн Жарандык авиация комитети билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 21-апрелде саат 16:25те Балапан аэродромунда машыгып учкан жеңил учак конгон учурда кырсыкка кабылган.

Өлкөнүн Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин алдындагы кырсыктарды иликтөө башкармалыгы тергөө иштерин баштады.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернеттен алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты