Украина президенттик шайлоосу: Тизелеген талапкерлер (Видео)

  • 5 лет мурун

Украинадагы президенттик шайлоонун башкы дебатында, 19-апрелде, болуп көрбөгөндөй курч таймаш «Олимпийский» стадионунда болду.

Зеленскийге Владимир Путиндин алдында тизе бүгүүгө даярмын дегенсиң деп доомат коюлганда, ага жооп катары мындай деди:

«Мен уулу фронттон келбей калган ар бир эненин алдында, атасы согуштан кайтпай калган ар бир баланын алдында, күйөөсү согуштан кайтпай калган ар бир аялдын алдында тизе бугүүгө даярмын, азыр да тизе бүгөм, сизди да ошого чакырам» деди да, тизелеп турду.

Ал эми Петр Порошенко ары карап, аялдын алдына тизе бүктү. Ал Донбасста күйөөсүн жоготкон аял болуп чыкты.

Дебат акырында Порошенко Украинанын гимнин ырдаса, Зеленский да кошулуп, анан бүт стадион өлкөнүн гимнин ырдады.

Мындай дебатты Украина көп жылдардан бери көрө элек болчу.

«Порошенконун катасынын натыйжасы»

36 мүнөттүк дебаттын башында Зеленский өзү да 2014-жылы Петр Порошенкону шайлагандыгын, бирок жаңылып калганын баса белгиледи.

Шайлоочулар Порошенкого добуш берип, бирок башка Порошенкону шайлап алганын айтты.

Мен саясатчы эмесмин.

Мен системаны талкалоого келдим.

Сиздин жаңылыштыгыңыздын натыйжасымын,- деп билдирди Владимир Зеленский.

Петр Порошенко өлкөнү каражаты жок кезде алганын айтты.

Ошондой эле Зеленскийди компетенциясы жок деп айыптады. Конфеттин кооз оромосу деп атады.

Сүрөт жана видео: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты