​Элдик курултай тууралуу эки ооз сөз

  • 5 лет мурун

Бугүн 20-мартта, элдик курултай өткөрүүгө жарандардын конституциялык укугу жөнүндө жобону ишке ашыруу боюнча жумушту топтун жыйыны өттү.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз борбору кабарлады.

Жыйынды Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү, аппарат жетекчисинин орун басары Курманбек Дыйканбаев алып барды.

«Кыргыз жолу» коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев Курултай институтун түзүүнүн концептуалдык маселелери боюнча баяндама жасады.

Юстиция министринин орун басары Максат Есеналиев элдик курултай жыйындарын өткөрүүнүн укуктук жагына токтолду.

“Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн анын концепциясын тактоо менен элдик курултайды чакыруунун жана уюштуруу, өткөрүү тартибинин мыйзамдык механизмдерин аныктоо — максатка ылайык” деп билдирди.

Ал белгилегендей, Элдик курултайдын милдети эл менен бийлик ортосунда байланыш түзүү, мамлекеттик органдарга чечим кабыл алууда сунуш жана кеңеш берүү болуп саналат.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты