Өкмөттүн ишиндеги беш кемчилик
- 6 лет мурун
Улуттук статистика комитетинин болжолдуу маалыматы боюнча, 2019-жылдын январь – март айларында өлкөдө соцалдык=экономикалык бир катар көрсөткүчтөрдөгү өсүш менен катар эле айрым тармактарда төмөндөө байкалды.
Январь-март айларында ички дүң продукциянын анык өсүшү 5,3 пайызды түздү. Бул 2018-жылдын тийиштүү мезгилинен 4,1 пайыздык пунктка жогору.
Ал эми ИДПнын номиналдык көлөмү 104,5 млрд сом деңгээлинде түзүлдү.
“Кумтөр” кенин иштеткен ишканаларды эсепке албаганда, экономиканын анык өсүшү 1,4 пайызды түздү (2018-жылдын январь — март айларында 3,1 пайызга өскөн).
Төмөндөө кайсы тармакта болду?
Бирок январь-март айларында бир катар көрсөткүчтөр төмөн болду. Статистика комитетинин маалыматы боюнча төмөндөө көрсөткүчтөрү мындай:
1. Доллардын курсу жогорулады
Долларды курсу 2018-жылдын март айынын аягына карата 2,07 пайызга жогоруладв.
2019-жылдын март айынын аягында 1 АКШ доллары 69,8496 сомго барабар болду.
2. Почта жана чабармандык кызматтары төмөндөдү
Почталык жана чабармандык иш кызматтары 2019-жылдын январь — мартында 2018-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,0 пайызга төмөндөдү, байланыш кызматтары 4,5 пайызга төмөндөдү, тарифтик кирешелер 5 млрд 282,2 млн сомду түздү.
3. Жумушсуздардын саны өстү
Расмий катталган жумушсуздардын саны 2019-жылдын март айынын этегинде 79,4 миң адамды түзүп, 2018-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 28,3 пайызга өстү (2018-жылдын январь — мартында 4,4 пайыз өсүш камсыздалган).
4. Тышкы соода жүгүртүү азайды
Болжолдуу маалыматтар боюнча, тышкы соода жүгүртүү 2019-жылдын январь — февралында 884,6 млн АКШ долларын түзүп, 2018-жылдын январь — февралына салыштырмалуу 11,1 пайызга азайды,.
Анын ичинде экспорт – 236,0 млн АКШ долларын (0,3 пайызга төмөндөдү), импорт – 648,6 млн АКШ долларын (14,5 пайызга төмөндөдү) түздү.
5. Импорттун көлөмү экспорттон ашып кетти
Импорттун көлөмү экспорттун көлөмүнөн ашып кеткенине байланыштуу соода балансынын терс сальдосу 412,6 млн АКШ долларын түздү.