​Жайыл ИИБ башчысынын орун басары пара менен кармалды

  • 5 лет мурун

Жайыл ИИБ башчы орун басары пара менен кармалды.

Жайыл райондук Ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары 15-апрелде пара алып жатканда кармалды.

Бул тууралуу Улуттук Коопсуздук Комитетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Аны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы жана Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы кармады.

ИИБ башчысынын орун басары Жайыл райондук ИИБ Жол коопсуздугу бөлүмүнүн инспекторуна оң чечим чыгаруу үчүн мурда талап кылган

5 000 АКШ долларынан калган 40 миң сомду алып жаткан учурунда колго түштү.

Кармалган кызматкер УКМК убактылуу кармоочу жайына камалды.

Бул боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Сүрөт:Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты