Германия Кыргызстанда оорукана курууга 21 млн евро грант бөлөт
- 5 лет мурун
Президент Сооронбай Жээнбековдун Германияга сапарында бир катар документтерге кол коюлду.
Алсак, финансы министри Бактыгүл Жээнбаева жалпы суммасы 21 млн еврону түзгөн 3 макулдашууга кол койду. Анын ичинен:
1. 13 млн еврого Ош шаарында перинаталдык оорукана;
2. 6 млн еврого Таласта перинаталдык оорукана курулат.
3. 2 млн евро Бишкекте курулуп жаткан перинаталдык ооруканасына бөлүнөт.
Министр белгилегендей, Германия бул каражаттарды грант катары бөлдү.
Муну бөлүшүү