Прокуратура Текебаевдин ишин кайра кароого даяр

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңеш жыйынында отчет берүү учурунда баш прокурор Өткүрбек Жамшитов Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгууга прокуратура органы даяр экенин билдирди.

Депутат Сайдулла Нышановдун суроосуна жооп берип баш прокурор мындай деди:

— Жаңы ачылган жагдайлар боюнча иш Жогорку сотко берилген. Башынан карап чыгып, мыйзам чегинде жардам берүүгө даярбыз, — деди Жамшитов.

Өмүрбек Текебаев орус бизнесмени жана Мамдуманын экс-депутаты Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү менен коррупцияга айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган.

23-апрелде Текебаевдин тарапташтары митингге чыгышмакчы.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты